Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Ооганстандын Сангин районунда катуу кармаш жүрүүдө


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү

Гилменд провинциясынын Сангин районунда талиптер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда оор күрөш жүрүп жатканы кабарланды. Ооганстандын коргоо министри Сангинге кошумча аскер күчтөрү жөнөтүлгөнүн 23-декабарда Кабулда билдирди. Министр Масум Станикзай Гилменд провинциясында түзүлгөн кырдаалды эл аралык күчтөрдүн Ооганстандан ылдам чыгарылышы менен байланыштырды:

- Эл аралык күчтөр шашылыш түрдө чыгып кетишти. Алар муну акырындап, биздин мүмкүнчүлүк жана кубатыбызга жараша жасаса болот эле. Мына ошондо биз ишти уланта берет элек.

Ооган коргоо министри эл аралык коалициядан жардам, өзгөчө абадан колдоо көрсөтүүнү сурады. Британия Гилменд провинциясына көп эмес сандагы аскерлерин жөнөткөнү кабарланган. Ооганстандын Сангин району баңгизаттарын өстүрүүгө ыңгайланышкан аймак экени маалым. Гилменд провинциясынын губернаторунун орун басары 20-декабрда Фейсбук аркылуу кайрылып, регионго жардам көрсөтүлбөсө, талиптер басып аларын эскерткен. (AiT)

XS
SM
MD
LG