Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Жалал-Абад: Уурдалган жаңгак уюлуна байланыштуу кылмыш иши козголду


Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр токой чарбасы
Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр токой чарбасы

Облустун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр токой чарбасынан мыйзамсыз кыркылган 5 түп жаңгак уюлуна байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук ИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учурда уурулар изделүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин аймактык башкармалыгынын башчысы Бакыт Эрмеков жаңгак дарагын мыйзамсыз кыркуу бул токой чарбада быйыл үчүнчү жолу кайталанганын айтып, тиешелүү жетекчилерди кызматтан алууну сунуштады.

Быйыл облустагы токой чарбалардан кыйылган дарактар боюнча 230дан ашуун протокол толтурулуп, 650 түп дарак кыйылганы аныкталган. Жалал-Абад облусунда 35 миң гектар жаңгак токою бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG