Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Атамбаев: Жаш, кызуу кандуу жигиттин өлкө башына келишине жол бербейм


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бул тууралуу жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди.

“2011-жылкы президенттик шайлоодо мен 63 пайыздан көп добуш алдым. Ал эми 2017-жылы эки талапкер 50 пайыздан добуш алып, талаштын айынан жаңжал чыгышы мүмкүн. Өлкө башына жаш, кызуу кандуу жигит, ал эми өкмөт башына дагы бир ошондой жашы келип калса, эмне болорун элестетип көргүлөчү. Мен президент катары буга жол бербейм. Ошондуктан Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатам. Өзүм үчүн, кресломду сактап калуу үчүн эмес, өлкө тынчтыгы үчүн”, деди Атамбаев.

Маалымат жыйын мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында 140 чет элдик жана жергиликтүү журналисттердин катышуусунда өтүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG