Бүгүн маданият ишмерлери Каржы министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алардын айтуусунда, Каржы министрлиги драматургдар менен композиторлорго мамлекеттик театрларда коюлган чыгармалары үчүн берилчү калем акысын төлөбөй жатат.
Нааразылык билдирип чыккандардын арасында Композиторлор биримдигинин төрагасы Турдубек Чокиев, Театр ишмерлер биримдигинин төрагасы Жаныш Кулмамбетов, акын-драматург Жеңишгүл Өзбекова, драматург Керез Зарлыкова жана башка коомчулукка таанымал өкүлдөр бар.
Жаныш Кулмамбетовдун ырасташынча, драматургдар менен композиторлор 25 жылдан бери мамлекеттик буйрутманын негизинде коюлган чыгармалары үчүн калем акы алган эмес. Быйыл “Маданият жөнүндөгү” мыйзамдын 16-беренесинин негизинде чыгармалары мамлекеттик театрларда коюлган авторлордун калем акысын төлөп берүү боюнча өкмөттүн буйругу чыккан:
- Маданият министрлиги драматургдар, композиторлор менен май айында келишим түзгөн. Ал боюнча биз калем акыбызды алышыбыз керек эле. Андан бери жети ай өтүп кетти. Министрлик бизге “Каржы министрлиги силердин 1 миллион 200 миң сом калем акыңарды кыскартты”, - деп түшүндүрдү. Биз андыктан аталган министрликке биздин болбогон эле каражатыбыз эмнеге кыскартылганын билели, деп келдик. Каржы министрлигине, өкмөт башчысына кайрылуу кат жолдойбуз. Эгерде жооп ала албай турган болсок кыргыз өкмөтү менен соттошконго туура келет,- деп айтты Кулмамбетов.
Акыркы жылдарда мамлекеттик театрларда бир нече жолу коюлуп жаткан чыгармаларга калем акы төлөп берүүнү Маданият министрлигинин көркөм кеңеши аныктап 16 драматургга 50 миң сомдон, 8 композиторго 30 миң сом төлөнүп берилери белгиленген.(ZA)