Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Кулматовдун маселеси жаңы жылдан кийин каралат


Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов
Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун маселеси январь айында караларын билдирди. Ошол эле учурда таштандыларды тазалоо боюнча мэрия киргизген системаны мактады.

- Мен сөзүмө турам, жылдын жыйынтыгында биз сөзсүз мэрдин иши боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Бирок мага мэрдин ишиндеги системалуулук жакты. 25 жыл муну эч ким ойлогон эмес. Бир кишини жумуштан алып коюу оңой. Балким башка иштер да ушундай жүрүшүн күтүп туруш керек. Таштанды боюнча гениалдуу чечим чыгарды. Мисалы, азыр таштандыны ташууну айдоочуларга пайдалуу болгондой кылып койду.

Президент Алмазбек Атамбаев сентябрдын башында шаар башчы Кубанычбек Кулматов убагында Бажы кызматында жакшы иштегенин, бирок мэр катары өзүн көрсөтө албаганын айткан. Соңку 1,5 жылда таштанды маселесин шаар бийлиги менен талкуулабаганын моюнга алган президент Кулматовго Бишкек жыл соңуна чейин тазарбаса, башка жумуш издеңиз деген талап койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG