Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Баткенде калкты тейлөө борбору ачылды


Облус борбору Баткен шаарында алгачкы жолу үч кызматты бириктирген калкты тейлөө борбору иштей баштады.

“Борбор өкмөттүн демилгеси менен ишке ашты. Мындан жарандар даректик бюро жана паспорт берүү, жарандык актыларды каттоо кызматын бир кеңседен пайдалана алышат”, деди борбор жетекчиси Алишер Абдрахманов.

Ошол эле учурда паспорт берүү мөөнөтү да кыскарарын уюштуручулар айтышууда. Буга чейин аймактагылар паспорт алууга 15-30 күн сарпташса, эми 8 күнгө чейин алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. (JsA)

XS
SM
MD
LG