Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Ислам Каримовдун бир тууган агасы көз жумду


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов

Бул тууралуу өзбекстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

91 жаштагы Ибодулло Каримов 24-декабрга оогон түнү Самаркандда дүйнөдөн кайтты.

Ал аймактагы "Тирүү падыша" мемориалдык комплексинде жерге берилери кабарланууда. Бул жерде Каримовдун дагы бир агасынын кабыры бар.

Афрасиаб шаарчасынан алыс эмес жерде жайгашкан “Тирүү падыша" комплекси тарыхый көрүстөндөрдүн бири.

Мында падышалардын сөөгү коюлган. Мухаммед пайгамбардын тууганы Кусам Ибн-Аббастын күмбөзү жайгашкан деген божомолдор айтылып келет. Аталган жайга жергиликтүү тургундар зыярат кылганы келип турушат.

XS
SM
MD
LG