Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Украин парламенти Орусияга соода эмбаргосун киргизүүнү колдоду


Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк.
Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк.

24-декабрда Украина парламенти Орусияга соода эмбаргосун киргизүүгө өкмөткө жол берген мыйзамды жактырды. Мындай чечим Орусия Украинага карата азык-түлүк блокадасын киргизгенден бир жумадан кийин кабыл алынды.

“Өкмөт Орусияга карата мына ушундай чектөөлөрдү киргизет. Биз Украинанын ички базарын коргойбуз”, деди премьер-министр Арсений Яценюк 24-декабрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө.

Орусия Украина менен эркин соода аймагы жөнүндөгү келишимди өткөн жумада жокко чыгарды. Кремль мындай чечимди Украина жана Европа биримдигинин эркин соода жөнүндөгү келишими келерки айдан баштап күчүнө киришине байланыштуу кабыл алган.

Орусия Украина аркылуу Европа товарлары агып кирет, ал эми Орусиянын Украинага экспорттогон товарлары атаандаштыкка туруштук бере албайт, деп чочулоодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG