Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Бишкек шаардык соту Акматбек Келдибековдун апелляциялык арызын карайт


Акматбек Келдибеков Биринчи Май райондук сотто.
Акматбек Келдибеков Биринчи Май райондук сотто.

Бул тууралуу адвокат Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтуусунда, шаардык сотто Келдибековдун жана прокуратуранын арызы бүгүн каралат. Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков 2013-жылы ноябрь айында коррупция боюнча айыпталып кармалган.

Быйыл ноябрь айында Биринчи Май райондук соту аны коррупция боюнча айыптоодон актап, бирок Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачууда кызмат абалынан пайдаланган деп, 3 млн. сом айып пул салган.

Бекназаровдун айтуусунда, өкүлчүлүк ачуу боюнча чечимди жалпы парламент кабыл алган. Ошондуктан Келдибеков толук акталууга тийиш. Прокуратура өз кезегинде соттун өкүмү жумшак болду деп, Келдибековду коррупция боюнча айыптоону талап кылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG