Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Мэриянын ичинде митинг өтүп жатат


Бишкектин Ак Ордо конушу.
Бишкектин Ак Ордо конушу.

Бишкектин Ак-Ордо конушунун 30дай тургуну мэрия имаратынын ичинде нааразылык билдирип турушат.

Алар 157-маршруттук такси каттамдан алынып салынгандыктан, калаага каттоо үчүн алыска жөө басып кыйналып жатышканын билдиришүүдө.

"Мэриядагы айрым адамдар өз кызыкчылыгы үчүн бул маршруттук таксини алып, кайра киргизүүгө акча талап кылып жатышат", деди конуш тургуну Акыл Аттокурова

Нааразы болгондорго вице-мэр Геннадий Милицкий чыгып, келаткан дүйшөмбүдө барып маселени жеринен териштирүүгө убада берди. Бирок, нааразы болгондор каттамды бүгүн калыбына келтирүүнү талап кылышууда.

Ак-Ордодо 4 миң чамалуу түтүн бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG