Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар азайды


Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр, 1-май, 2015-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр, 1-май, 2015-жыл.

Мындай маалыматты чек ара кызматынын Баткен аймактык башкармалык жетекчиси Уларбек Шаршеев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, 2014-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында түрдүү талаш маселелерден 32 чыр-чатак катталган. Быйыл 9 жаңжал орун алды.

2014-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарда 5 жолу курал колдонулуп, ок атылса быйылкы жылда бир жолу курал колдонулган.

“Абалдын жакшырып баратышы эки өлкө чек арачыларынын биргелешип окуп, машыгуулары жана чек арадагы абалды жеңилдетүүгө багытталган иш-чаралардын натыйжасы”, деди Шаршеев.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымды түзүп, анын 504 чакырымы такталган, калган бөлүгү шарттуу чек ара сызыгы менен турат. (JsA)

XS
SM
MD
LG