Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Украинанын Жогорку Радасы 2016-жылдын бюджетин бекитти


2016-жылдын бюджет долбоору парламентте жактырылышын украин өкмөт мүчөлөрү кол чаап тосуп алышты.
2016-жылдын бюджет долбоору парламентте жактырылышын украин өкмөт мүчөлөрү кол чаап тосуп алышты.

Эмдиги жыл бюджетинде Эл аралык валюта корунун талабына ылайык, бюджет таңкыстыгы ички дүң өнүмдүн 3,7 пайыздык деңгээлинде болору көрсөтүлгөн. 24-декабрдын түнүндө Жогорку Рада Украинанын 2016-жылкы мамлекеттик бюджетин 595 миллиард гривен киреше менен бекитти.

Бюджеттин беш пайызы коргонууга жана коопсуздукка чыгымдала турганы көрсөтүлгөн. Бюджет долбоорун колдоп 263 депутат добуш берди. Украина парламенти 23-декабрда 2016-жылкы бюджет долбоору жана жаңы Cалык кодекси боюнча бир пикирге келe албай калган.

Эл аралык валюта кору бюджет долбоору белгиленген параметрлери менен бекитилбесе, Украинага сырттан каржылык жардамдын келиши кыйын болуп каларын эскерткен. Украина парламенти бюджет долбоору боюнча макулдашылган вариантты иштеп чыгып, түнгө карабай негизги экономикалык документти добушка койгон.

XS
SM
MD
LG