Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Жапон тышкы иштер министри Сеул менен пикир келишпестикти жөнгө салат


28-декабрда Жапониянын тышкы иштер министри өзүнүн Түштүк кореялык кесиптеши менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы мамилени жөнгө салууну талкуулайт. Жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэ 25-декабрда тышкы иштер министри Фумио Кишидага Сеул менен тез арада сүйлөшүү жүргүзүүнү тапшырган болчу. Кишида экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жапониянын аскерий cойкуканаларындагы корей аялдары боюнча талашты жөнгө салууга даяр экенин билдирген. Жапония 1965-жылдагы келишимдин негизинде жана 1993-жылдагы Токионун расмий кечирим суроосунан кийин маселе чечилген деп эсептейт.

Бирок Сеул ал кадамдардын жетишсиз экенин эскертип келген. Расмий Сеул Токиодон жаңыдан кечирим суроону жана жапон армиясында сексуалдык кулчулукта болгон корей аялдары үчүн акчалай кенемте талап кылган болчу. (KJ)

XS
SM
MD
LG