Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Чек араны коргоп курман болгон Барыкин эскерилди


Александр Барыкинди жерге берүү зыйнаты. 26-январь, 2014-жыл
Александр Барыкинди жерге берүү зыйнаты. 26-январь, 2014-жыл

Ысык-Көл облусунда 2014-жылы курман болгон Александ Барыкин эскерилип, маркумга “Коомдук таануу ордени” ыйгарылды. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Иш-чарага чек ара кызматынын, “Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн ардагерлер союзунун” жана Барыкиндин туугандары катышты.

Жергиликтүү аңчылык чарбасында иштеген Александр Барыкин 2014-жылы 23-январда Жети-Өгүздүн кыргыз-кытай чек арасына жакын Бикиртик деген жеринде белгисиз адамдар жүргөнү тууралуу кыргыз чек арачыларына кабар берген жана чек арачылар келгенче өзү алар менен кармашып, экөөнү өлтүрүүгө жетишкен.

Бирок көптүк кылган белгисиз адамдар аңчыны өлтүрүп, куралын тартып алышкан. Кийинчерээк барган чек арачылар Кытай тараптан ашып келген белгисиз топту курчоого алып, ошол күнү кечке жуук аларды жок кылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG