Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Түркиянын интернет тармагы кубаттуу кибер чабуулга дуушар болду


Түркиянын мамлекеттик мекеме-уюмдарын жана банктарын тейлеген интернет серверлерге жасалган кибер чабуулдан улам тармактын иш ыргагы бузулуп, жабыркады. 25-декабрда Түркиянын банктары эки жумадан бери хакерлер кибер чабуулдарды жандантып, анын кесепетинен кредиттик карталарды пайдаланууда кыйынчылыктар жаралганын жарыялашты.

Кибер чабуулга кабылган TR зонасындагы интернет сайттар коммерциялык ишканаларга дагы караштуу болчу. Байланыш жаатындагы адистер бул кибер чабуулдар Түркиянын аймагынан сырткары жактан уюштурулганын айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG