Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Сот Немцовдун өлүмүнүн саясий себебин таануудан баш тартты


Маркум саясатчы Борис Немцов
Маркум саясатчы Борис Немцов

Москванын Басман соту саясатчы Борис Немцовдун өлүмүн "адам өлтүрүү" беренесинен "мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу" беренесине которуудан баш тарткан токтом чыгарды. “Жабырлануучу тараптын даттануусун четке кагып, тергөөчүнүн аракетин мыйзамдуу деп табуу” боюнча соттун чечимин судья Артур Карпов окуду. Соттун чечиминде Борис Немцовдун өлүмүнүн анын саясий же мамлекеттик ишмердиги менен эч кандай байланышы аныкталган жок деп көрсөтүлдү.

Ошентип маркумдун кызы Жанна Немцованын даттануусу канааттандырылган жок. Бирок анын адвокаты сотту бул адам өлтүрүүнүн себебин аныктабай туруп, андай чечим чыгарууга мүмкүн эместигин айтты.

XS
SM
MD
LG