Франциядагы L’Obs басылмасынын кабарчысы Урсула Гаутер уйгур азчылыгына карата бийликтин саясатын сындап макала жазганы үчүн Кытайдан чыгарылат. Аталган гезит маалымдагандай, журналистке өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 31-декабрга чейин мөөнөт берилди.
Гезиттин Бээжиндеги кабарчысы Урсула Гаутер Батыш маалымат агенттиктерине билдиргенине караганда, Кытайдын тышкы иштер министри уйгурлар тууралуу макаланы интернеттен өчүрүп, кечирим суроону талап кылган.
Жергиликтүү гезиттерде Урсула Гаутерге каршы бир катар макалалар да басылды.
Буга Франция Тышкы иштер министрлиги камтамасын билдирип, журналисттердин дүйнөнүн түрдүү жеринде иштегени маанилүү экенин айтты. (SE)