Ош шаарындагы “Алыш” спорт клубунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баяман Эркинбаевдин элесине арналган V эл аралык мелдеш өтүүдө. 26-декабрда башталган эки күндүк таймашка Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан 150дөй балбан катышууда. Ал Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан каржыланганын “Азаттыкка” аталган комитеттин төрагасы Кылычбек Саркарбаев билдирди. Балбандар 9 салмак менен таймашууда.
Кыргыз парламентинин үчүнү чакырылышынын депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Баяман Эркинбаев “Алыш” бел боо күрөшү боюнча эл аралык федерацияны негиздеген. Аны 2005-жылы сентябрда Бишкекте үйүнүн жанынан атып кетишкен. (SE)