Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы Иран, Ирак, Сирия жана Орусия түзгөн коалицияга Анкара кирбей турганын айтты. Бул тууралуу “Аль-Арабия” телеканалына берген маегинде билдирди.
Эрдоган коалицияга кошулуу боюнча орус президенти Владимир Путинден сунуш болгонун, бирок бийлиги суроо астында турган Сирия президенти менен жанаша отура албастыгын белгиледи. Андан сырткары Жакынкы Чыгыштагы аймактык проблемалар боюнча Иран бийлиги менен да пикир келишпөөчүлүктөр бар экендигин кошумчалады.
“Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү да, Сауд Арабия башында турган араб мамлекеттери да коалиция түзгөн. (SE)