Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Быйыл Нарын облусунда 606 жумуш орун түзүлдү


Премьер-министр Темир Сариевдин ар бир райондо 10дон кем эмес ишканаларды ачуу боюнча тапшырмасына ылайык, быйыл Нарын облусунда жыл башынан бери 97 ар түрдүү тармактагы чакан ишканалар ишке киргизилип, 606 адам жумуш орду менен камсыз болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Ачылган ишканалардын жылдык өндүрүштүн көлөмү болжолдуу 34 млн. 472 миң сомду түзсө, бюджетке түшүүчү салык болжол менен 4 млн. 845 миң сом болот.

Ишканалардын көпчүлүгү өнөр жай жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү, кайра иштетүүгө багытталган.

Облус боюнча жумуш издеп расмий каттоодо тургандар сегиз миңден ашат, алардын 52% - 28 жашка чейинкилер. (MiK)

XS
SM
MD
LG