Орусиянын Псков облусунда Беларустан аткезчилик аркылуу кирген 57 тоннадан ашуун алма, киви жана алмурут жок кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары “Росельхознадзордун” маалыматына таянып билдирди.
Кабарларга караганда, мөмө-жемиштер үчүн беларус ишкерлери Түштүк Африка Республикасынан, Мароккодон жана Сербиядан алган сертификаттар жасалма экени аныкталган.
Бардык мөмө-жемиштер механикалык жол менен талкаланып, Остров шаарындагы таштанды талаасына төгүлдү.