Сербияда 26-декабрь күнү жүргүзүлгөн коррупцияга каршы ири масштабдуу рейдде 80 киши кармалды. Арасында мурдагы айыл чарба министри Слободан Милосавлевич, коррупцияга каршы башкармалыктын мурдагы жетекчиси Зорана Маркович, өкмөттүн эки аткаминери, бир канча шаар башчылары жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бар. Алар 2004-жылдан бери иштегендер.
Баары кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мамлекеттин каражатын сол чөнтөккө уруп, паракорлук кылган деп шектелүүдө. Келтирилген чыгымдын көлөмү 70 миллион доллар деп эсептелди.