Баткен облусунда жыл башынан бери өспүрүмдөр катышкан 43 кылмыш катталганын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Былтыр жашы жете электер катышкан 40 мыйзам бузуу каттоого алынган эле.
Адистердин байкоосуна ылайык, кылмыштар негизинен уурулукка байланыштуу.
Жашы жете электер арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана түшүндүрүү чаралына байланышкан 10дон ашык атайын рейддер өткөрүлүп, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор үчүн мектептерден бөлмөлөр ачылган. (JsA)