Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

ИИМ чет элдиктер каржылаган акцияларга тыюу салууну сунуштады


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чет элдиктердин каржылоосу менен уюштурулган митинг жана акцияларга тыюу салууну сунуштап жатат. “Тынч жыйындарды өткөрүү жөнүндө" мыйзамга жана Административдик жоопкерчилик боюнча кодекске толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Мыйзамга ылайык, акция уюштуруп жаткан тарап мамлекеттик органдарга жыйынга катышуучулардын тизмесин, каржылоо булагын кагаз жүзүндө көрсөтүүгө милдеттендирилет. Эреже бузгандар жеке кишилерге 1000ден 2000 сомго чейин, юридикалык жактарга 2000ден 5000 сомго чейин айыппул салынат. Андан сырткары беткапчан акцияга чыккан кишилерге 2-3 миң, кызмат ээлерине 20 миң сомго чейин айыппул салуу маселеси каралган.

XS
SM
MD
LG