Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:48

Орусия Сириядагы карапайым элди бомбалаганын дагы төгүндөдү


Жекшембиде Орусиянын аба аскерий күчтөрүнүн башкы командачысы Виктор Бондарев «бир дагы жолу бутадан жаза кеткен жокпуз» жана «тыюу салынган жайларга мектептерге, ооруканаларга жана мечиттерге сокку урулган эмес» деп билдирди.

Андан мурда эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму жарыялаган баяндамада сентябрь-октябрь айларында Сирияда орусиялык учактардын авиасоккуларынан кеминде 200 карапайым киши өлүп, болгону ондогон согушкерлер жок кылынганы айтылган. Үйлөр, мечит, базар, медициналык жайлар талкаланган. Мындай соккулар эл аралык гуманитардык укукту бузарын укук коргоочулар белгилешкен. Буга чейин Орусиянын дарегине дал ушундай кинени Human Rights Watch уюму койгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги укук коргоочулардын маалыматын «жалган» деп жокко чыгарды. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Сириядагы атайын операциялар эл аралык укуктун нормаларына так дал келгидей режимде жүргүзүлүп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG