Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

Украинаны колдогон орусиялык жаш активист жанын кыйды


Влад Колесников
Влад Колесников

Украинага каршы Москванын саясатын сындаган көз карашы менен таанылган 18 жаштагы Влад Колесников өз жанын кыйды. Ал 25-декабрда Самара облусунун Жигулевск шаарындагы үйүндө көп өлчөмдө дары ичип каза тапканы айтылууда.

Влад быйыл июнда Подольскидеги өзү окуган техникумга Украинанын желеги жана “Крымды кайтаргыла!” деген жазуу түшүрүлгөн футболка кийип келгенден соң аты чыга баштаган. Бул кийими үчүн Влад окуудан айдалган. Андан бери атайын кызмат аны бир нече жолу суракка алган.

Ал оппозициялык маанайда бир катар блогдорду жазып, “Фейсбукта” да Украина темасын байма-бай көтөрүп келген. Бирок жакындары буга каршы чыгып, пикир келишпөөчүлүктөр көбөйгөнүн маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG