Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Караколдо заводдун жумушчулары митингге чыгышты


Бүгүн Каракол спирт заводунун жумушчулары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ысык-Көл облусунун башкармалыгына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар завод банкрот болгонго чейинки 7-8 ай төлөнбөгөн маянаны төлөп берүүнү, 30дан ашуун жумушчуну иш менен камсыз кылууну талап кылышты.

Каракол мамлекеттик спирт заводу 2014-жылы 7-июлда карызы көбөйүп кетип жабылган. Заводдун директору, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Рысбек Темиралиев жумушчулардын талаптарына жооп бере элек. (AsM)

XS
SM
MD
LG