Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Жалал-Абад - Бишкек авиакаттамы бүгүн кайрадан жанданды


Жалал-Абад шаарындагы аба майданы бүгүндөн тарта кайрадан иштей баштады. Бишкек-Жалал-Абад каттамын ар жума сайын дүйшөмбү күнү эми “Авиатрафик” компаниясы 100 орундуу БАЭ 146-300 учагы менен аткарат.

Алгачкы каттамдa Бишкектен 80ден ашуун жүргүнчү учуп келди. Билет баасы 2500-2800 сомдун тегерегинде болууда. Шаардагы аба майдан 2014-жылдын октябрь айынан тартып ишин токтоткон болчу. Ага себеп учуу-конуу тилкелеринин талапка ылайык келбеши себеп болгон. Жаңы учакты кабыл алууга аба майдандын тилкеси оңдолуп, жакынкы күндөрү 400 метрге узартылат. (RsK)

XS
SM
MD
LG