Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Ашкере байлыкка салык салуу сунушталууда


Экономика жана өнөр жай министрлиги ашкере байлыкка салык салууну сунуштоодо. Муну айрым кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык өлчөмүн көбөйтүү менен ишке ашыруу каралууда. Буга байланыштуу мыйзам долбоор коомдун талкуусуна чыгарылды. Министрликтин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, 200 чарчы метрден ашкан кыймылсыз мүлккө азыркыдай салык төлөмү 0,35% эмес, 0,50% алуу каралган. Бул 2 миң 940 сомдун ордуна 12 миң 600 сом төлөнөт дегенди билдирет. Ал эми 300 чарчы метрден көптөр 0,8% деп көрсөтүлгөн.

Ал эми жаңы чыккан автоунаалардын ээси азыр 2 миң 250 сом салык төлөшөт. Аны 5 миң сомго чыгаруу сунушталууда. Мыйзам долбоор кабыл алынса, бюджетке кошумча 515, 8 млн. сом каражат түшөрү болжолдонууда.

Буга чейин министрлик жеке ишкерлер боюнча анализ жүргүзгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда 131 миң үй-бүлө өтө жакырчылыкта жашайт, ошол эле учурда 130 миңге чукул байлар катталган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG