Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Секелек кызды зордуктоого шектелген киши акталуунун аракетин көрүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Азамат Мукаев билдирди. Анын айтуусунда, жактоочулар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянышууда. Анда зордукталды делген кыз таза болуп чыккан.

“Бул жаран кошунасынын кызын жашынмак ойнойбуз деп алдап, үйүнүн тоокканасына алып барып жыныстык катнашка барууга аракет жасаган. Бирок соттолуучуга зордуктоо деген айып коюлган эмес, ага сексуалдык зомбулукка аракет жасады, деген мүнөздөгү берене коюлган”, -дейт Мукаев.

Ушул жылдын 25-ноябрында Кочкор районунун Шамшы айылында 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 37 жаштагы киши кармалган. Учурда кошунасы кордук көрсөттү деген 12 жаштагы кыз ата-энесинин туугандарынын колунда. Жыл башынан бери Нарын облусунда 3 өспүрүм сексуалдык зомбулукка кабылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG