Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Түркияда Океевдин 80 жылдыгы белгиленди


Залкар кинорежиссёр Төлөмүш Океев.
Залкар кинорежиссёр Төлөмүш Океев.

Кыргыздын залкар кинорежиссеру Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата эскерүү иш чаралары Түркиянын Стамбул, Анкара жана Карабүк шаарларында белгиленди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын “Түрксой” уюмундагы өкүлү Кожогелди Култегин билдирди.

- Кыргыз эл артисти Төлөмүш Океев Кыргыз Республикасынын Түркиядагы биринчи элчиси жана Түрксойдогу алгачкы өкүлү болгон. Андыктан Океевдин 80 жылдыгын бул мамлекетте өткөрбөй коюуга болбойт эле. Иш чараларда залкардын Түркия-Кыргызстан кызматташтыгындагы орду белгиленди. Ошондой эле режисердун “Бакайдын жайыты”, “Сүйүү закымдары” тасмалары көрсөтүлүп, студенттер менен жолугушуулар өттү,- деп айтты Кожогелди Култегин.

Түркияда Океевди эскерүу иш чараларына кыргызстандык маданият ишмерлери да катышты. Иш чаралар “Түрксой” уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулду. Төлөмүш Океев “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, "Көк серек", “Кызыл алма”, “Алтын күз”, “Куу илбирстин тукумдары" деген тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан.

Ал 1935-жылы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. 2001-жылы 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. (SA)

XS
SM
MD
LG