Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Ирак армиясы Рамадини колго алды


Ирак армиясы жекшембиде Рамади шаарын “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен толук бошотуп, өкмөттүк комплекске кайрадан өлкө туусун желбиретти.

Быйыл майда террордук топ ээлеп алган шаарды бошотууга Ирак армиясы өткөн айдан тарта киришип, Рамади үчүн акыркы жумада айыгышкан катуу салгылаш жүрдү.

Ирак өкмөттүк күчтөрү жекшембиде Рамадидеги мурдагы өкмөттүк комплекстен “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлерин сүрүп чыгарды. Бул имарат согушкерлердин аталган шаардагы акыркы таянычы болуп турган эле. Айрым маалыматтарга караганда согушкерлер калаадан түндүк-чыгышты көздөй качкан.

"Өкмөттүк комплексти колго алуу Рамадиде согушкерлер жеңилди дегенди билдирет. Комплекс азыр толугу менен биздин көзөмөлдө, бул жерде “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери калган жок. Эми биз шаардын ичинде жашырынып алган болушу ыктымал согушкерлердин майда топторун жок кылууга киришебиз", - деди Ирак куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Сабах ал-Нумани.

Ирактагы биргелешкен күчтөрдүн маалымат катчысы, генерал Яхья Расул Абдулла да дүйшөмбү күнкү телекайрылуусунда Рамадидеги жеңишти ырастады:

- Ирак куралдуу күчтөрү Рамади шаарын бошотту. Антитеррордук контингенттин эрдигинин натыйжасында азыр Анбар провинциясынын өкмөттүк имаратынын үстүндө Ирактын туусу желбиреп турат. Муну менен биздин өлкөнүн жаңы тарыхы башталып отурат. Биз Ата Мекенибиз үчүн күрөштү улантып, Кудайдын каалоосу менен мындан ары калган шаарлабызды да “Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринен бошотуу үчүн күрөшөбүз.

Рамадини кайра алуу “Ислам мамлекети” террордук тобу өлкө аймагынын үчтөн бирин ээлеп алган 2014-жылдан бери Ирак өкмөттүк күчтөрү үчүн зор ийгилик болду. Бул жеңиш Ирак армиясы менен алардын өнөктөштөрүнө өлкөнүн калган аймагын да согушкерлерден бошотуу үчүн дем берери айтылууда. Алдыда эми өлкөдөгү экинчи чоң шаар – Мосулду да колго алуу максаты турат.

Ирак армиясынын өкүлү Нумани азыр эми адегенде жаңы эле колго тийген өкөмөтүк комплекстин тегерек четин жана шаар көчөлөрүн согушкерлер коюп кеткен бомбалардан тазалоо иштери турганын, андан соң аскерлер алдыга көздөй жыла берерин кошумчалады.

Ушундан улам Ирак аскерлери менен өкмөт Рамадидеги жеңишти дароо жарыялап жиберген жок, бирок ага карабай согушкерлерден кутулганына кубанган тургундар жекшембиде эле шаар көчөлөрүндө бул жеңишти белгилеп киришкен.

Быйыл майда согушкерлер ээлеп алган шаарды бошотуу операциясы ноябрь айында башталып, акырындык менен жүрүп отурду. Аскерлерге согушкерлер жол боюна койгон бомбалар, жанкечти чабуулдары жана көзгө атар жоочулар тоскоолдук кылып жатты. Ошентип отуруп Ирак армиясы АКШ баштаган эл аралык коалициянын аба соккуларынын жардамы менен 22-декабрда Рамадинин борбордук бөлүгүнө өтүп, акыркы апта айыгышкан күрөш жүрдү.

Багдаддан Батышка карай жүз чакырымдай аралыкта жайгашкан Рамади шаары Анбар провинциясынын борбору. Шаарды негизинен сунни мусулмандары байырлайт.

Өзүн "Ислам мамлекети" атаган радикал топ Сириянын Ракка шаарында 2013-жылы негизделип, халифат орнотууну жарыялаган. Радикалдык топ Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган. Ирак аскерлери буга чейин Тикрит жана Синжар шаарларын аталган топтун согушкерлеринен бошоткон.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG