Уюшкан кылмыштуу топ лидерлеринин бири, “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү Улан Токтосунов Нарындагы тергөө абагына камоо чечими чыкты. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өткөн жума соңунда караганын Ички иштер министрлиги кабарлады. Ал Нарынга 14-январга чейин жеткирилиш керек.
37 жаштагы Улан Токтосунов Талас облусунун тургуну. Буга чейин үч ирет соттолгон. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн бири Дамир Сапарбековдун өлүмүнө шектелип, эл аралык издөөгө алынган. Жакында милицияга өзү келген. (SE)