Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Жалал-Абад: тоо-кен ишканаларга нааразылыктар азайды

Жалал-Абад облусундагы Бозумчак кени.
Жалал-Абад облусундагы Бозумчак кени.

Облус аймагында быйыл кен иштеткен компанияларга карата 8 ирет нааразылык акциялары өткөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу эки эсе аз. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын ырасташынча, 2013-жылы 16,  2014-жылы 15 нааразылык акциялары катталган.

- Акыркы кезде компаниялар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомчулук менен байланышта иш алып барышы нааразылыктарды азайтты. Бирок алар басылган жок, – дейт Эгембердиева.

Облуста кен казууга кырктан ашык компания лицензия алса, учурда алардын 32си иштеп жатат. Алардын 25и чет элдик ишканалар. (RsK)

XS
SM
MD
LG