Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Ок жеген жоокер реанимацияда


28-декабрда 714-аскер бөлүгүндө күзөттө туруп ок жеген жоокердин абалы кыйын бойдон калууда. Травматология жана ортопедия илимий борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун ырасташынча, жоокер өзүнө толук келгенче реанимациядан чыгарылбайт. Аскердин төшүндөгү бир ок алына элек.

Кубатбеков жоокердин денесиндеги окту алуу маселеси азырынча чечиле электигин айтып, оорулуунун абалын кыйындатчу жагдайлар жоктугун белгиледи. Дарыгерлер жоокер өмүр бою денесиндеги ок менен жашай бере турганын да айтышууда.

28-декабрда таңга маал 714-бөлүктө кароолдо турган аскер Аскар Мейкин уулу эки сержантты атып салган. Алган жаракаттан улам алардын бирөө ооруканада көз жумган. Кечээ Улуттук гвардиянын тарбия бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Мырзабаев "Азаттыкка" кароолдо турган жоокерге кол салуу болгондуктан ал курал колдонгонун айткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG