Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

АКШ Ирак армиясынын Рамадидеги жеңишин кубаттады


Ирак -- Өкмөттүк башкы имаратка өлкө туусун көтөрүү. Рамади, 28-декабрь, 2015.
Ирак -- Өкмөттүк башкы имаратка өлкө туусун көтөрүү. Рамади, 28-декабрь, 2015.

Ирак бийликтери кечээ Рамади шаары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан бошотулганын жарыялаган соң Кошмо Штаттар бул жеңишти кубаттарын билдирди. АКШ коргоо министри Эштон Картер согушкерлер сүрүп чыгарылышын Ирак күчтөрүнүн аталган террордук топ менен күрөшүүдөгү маанилүү кадамы катары баалады. Ал Ирак өкмөтүн бул мүмкүнчүлүктү Рамадиде мындан ары тынчтыкты сактап калуу жана согушкерлер кайра кирип келишинин алдын алуу үчүн колдонууга, тургундар шаарга кайтуусуна шарт түзүүгө чакырды.

Ирак армиясынын өкүлү, бригадалык генерал Яхья Расул кечээ мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу Рамади толук бошотулганын жар салган. Мамлекеттик ТВ калаадагы өкмөттүк башкы имараттын үстүнө өлкө туусу көтөрүлгөнүн жана шаар көчөлөрүндө жүрүш жасаган өкмөттүк аскерлерди көрсөтүп турду.

Багдаддан Батышка карай жүз чакырымдай аралыкта жайгашкан Рамади шаары - Анбар провинциясынын борбору. Негизинен сунни мусулмандары байырлаган бул калааны "Ислам мамлекети" террордук тобу быйыл май айында ээлеп алган эле.

XS
SM
MD
LG