Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Токтогул ГЭСин оңдоого бир айга чукул убакыт керек


Генераторлорго тамган майдан улам авариялык абалга кептелген Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштери дагы эки-үч жумага созулат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын жетекчи орун басары Узак Кыдырбаев “Азаттыкка” билдирип, 2-январдан тарта оңдоп-түзөө аягына чыкмайынча жарык улам-улам өчүрүлөрүн эскертти.

28-декабрь күнү ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн эле. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилип, бир күндөн соң майрамга байланыштуу өчүрүүлөр убактылуу токтотулган.

Өкмөт буга чейин Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү болгондуктан тыштан электр жарыгы сатып алынбайт деп билдирген. Бирок кырдаалга байланыштуу коңшу өлкөлөрдөн 6 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу да пландалууда.

Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард куб метрден ашат. Бирок эки генератордун иштен чыкканына байланыштуу суу улам-улам сыртка агызылууда. Оңдоо иштерине Орусиядан адистер чакырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG