Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:54

Орусия, Казакстан президенттери кыргызстандыктарды куттукташты


Бишкектеги Жаңы жыл шааниси.
Бишкектеги Жаңы жыл шааниси.

Орусиянын президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге жолдогон катында кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. “Узап бараткан жылы биргелешкен аракеттер менен кыргыз-орус мамилелеринин бардык түйүндүү багыттарында сезилерлик ийгиликтерге жетишип, аймактык иштерде өнөктөшүп өз ара аракеттенүүнүн алкагын кеңейте алдык”, - деп жазылат Путиндин куттуктоосунда.

Ушундай эле куттуктоо Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевден да келди. Ал президент Алмазбек Атамбаевге жана Кыргызстан элине бакубат турмуш, тынчтык каалаган. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, мамлекет башчыларынан куттуктоолор келүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG