Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

ИИМ: Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан жаран кармалды


Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында 23 жаштагы Р.А. аттуу жаран кармалды. Ал Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан деп шектелүүдө.

29-декабардагы ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү жарандын сарайынан 1932-жылы чыгарылган “Наган” куралы жети огу менен табылган. Милиция кармалган адам бир нече ай Сириядагы экстремисттердин лагеринде курал колдонуу жана ок атуу боюнча окуудан өткөнүн аныктаган. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалды, тергөө иштери жүрүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандан Сирия жана Ирактагы террорчуларга кошулгандардын саны расмий эсепте 500дөй. Алардын 122си аялдар жана 40тан ашууну каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG