Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

ЖКК машиналардын айнегин караңгылатууга мыйзамсыз уруксат бергени аныкталды


Башкы прокуратура Жол кайгуул кызматынын ишин текшерип 2015-жылга чейин автоунаалардын капталдагы алдыңкы айнегин караңгылатууга мыйзамсыз уруксат берилгенин аныктап чыкты. Атайын эрежеге ылайык, тартип коргоо органдарына таандык, ыкчам иштерге колдонулган унааларга жана атайын инкассация сыяктуу машиналарга гана айнегин караңгылатууга уруксат берилет. Бирок Жол кайгуул кызматынын жетекчилери жеке автоунааларга да уруксат берген.

Буга байланыштуу башкы көзөмөл орган аталган кызматтын башчысы Сергей Дьяченконун жана тийиштүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону ички иштер министри Мелис Турганбаевге сунуштады.

2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев 100 доллар төлөп, бир жыл бою автоунаалардын айнегин караңгылатып жүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун артка кайтарган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG