Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Атамбаевге башка өлкө жетекчилеринен куттуктоолор келе баштады


Бишкектеги аяз аталардын шаңдуу жүрүшү.
Бишкектеги аяз аталардын шаңдуу жүрүшү.

АКШ президенти Барак Обама Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, бак-таалай каалады.

Ушундай эле куттуктоо каттары Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинден, Корея мамлекет башчысы Пак Кын Хеден жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдон келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Буга чейин Орусия жана Казакстан президенттери Владимир Путин менен Нурсултан Назарабев кыргызстандыктарды куттуктап, республиканын гүлдөп өсүшүн каалаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG