Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Жалал-Абадда экстремизмдин алдын алуу үчүн үйлөрдү тинтүү улантылат


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ИИМдин 10-башкы башкармалыгы менен бирдикте экстремизмдин алдын алуу максатында шектүү үйлөрдү тинтүүгө алууда. Мындай тинтүү бүгүн Сузак жана Жалал-Абадда жүрдү. Бул иш-чара облустун башка аймактарында да өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын жетекчиси Жеңиш Жоробеков билдирди.

- Биздин жарандардын Сирияга барган учурлары аныкталып жатат. Кыргызстанда мыйзам менен тыюу салынган диний-экстремисттик партия, уюмдарга мүчө болгон фактылар бар. Диний экстремизм боюнча милициянын каттоосунда турган жарандардын үгүттөө иштерине бөгөт коюу, алдын алуу максатында тинтүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бүгүн Сузак, Жалал-Абадда өткөрүлүп жатат. Аталган даректерден баракчалар, китеп, диск, флешкалар далил буюм катары алынды.

24-декабрда Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашынып жүргөн куралчан топ колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын жанынан эки даана ок атуучу курал, маңзат жана ири өлчөмдөгү ок-дарылар табылган. Облустук милициянын маалыматына караганда, кармалгандар шаарда теракт уюштурушу ыктымал деп шектелүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG