Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Орусияда кийим аткезчилерин 12 жыл абакка кесүү сунушталды


Орусиянын Өндүрүш жана соода министрлиги жеңил өнөр жай товарларын мыйзамсыз ташыгандарды катаал жазага тартуу демилгесин көтөрдү. Бул маселе жаңы мыйзам долбоорунда камтылган. Ага ылайык, Орусиянын аймагына 250 миң рублден ашык суммада мыйзамсыз товар алып кирген адам 300 миңден эки миллион рублге чейин айыппул төлөп, кара жумушка тартылат. Же бир жылдан он эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзам долбоору коомдун сынына коюлду. Талкуу 10-мартка чейин уланат. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG