Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:29

Орусия түрк компанияларынын иштешине чек койду


Босфор кысыгы.
Босфор кысыгы.

Орус өкмөтү 2016-жылдын 1-январынан тартып түркиялык компанияларга уруксат берилбей турган ишкердиктин тизмесин бекитти. Ага ылайык, түрктөргө курулуш, архитектура, инженердик-техникалык долбоорлоо, мамлекеттик муктаждыктарды камсыздоо, жыгачты кайра иштетүү жана туризм тармактарында иш жүргүзүүгө чек коюлду.

Бул чечим быйылкы жылдын 30-декабрына чейин келишим түзүлгөн Түркиянын ишканаларына тиешеси жок. Документ өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Эки өлкөнүн мамилеси түрк тарап Сирия менен чектешкен жеринде орус учагын атып түшүргөн 24-ноябрдан бери кескин курчуп кетти. Ошондон бери тараптар бири-бирин айыптап келет. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүгө көңүл бурбай койгон соң атып түшүрүлгөнүн билдирген. Москва муну четке каккан. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG