Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Өкмөт бала бакчаларда кыргыз тилин үйрөтүүгө шарт түзөт


Кыргыз өкмөтү баланын бакчада кыргыз тилин окуп, үйрөнүшүнө шарт түзүү аракетин көрөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны талкуулаган жыйында билдирди.

“Бакчаларды тил боюнча бөлүү токтойт. Мектепке чейинки мекемелерде мамлекеттик тил сабак катары гана кирбестен, тарбиянын тили болушу керек. Ошого жараша балдарга жакшы шарт жана чөйрө түзүп беришибиз керек. Мамлекеттик тилде сабак берген тарбиячыларга стимул берүү жагын караштыруу зарыл”, - деди Кудайбердиева.

Мындан сырткары жыйында талап жогору болгон орус тилдүү мектептерде кыргыз тилдүү класстарды ачуу сунушталды.

2014-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алынган. Быйылкы жылга карата тилди өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен 243 млн. сом бөлүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG