Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:50

ӨКМ майрам күндөрү этият болууну эскертет


"Дордой" базарынын жанындагы пиротехникалардын жарылышы, 4-август 2011-жыл.
"Дордой" базарынын жанындагы пиротехникалардын жарылышы, 4-август 2011-жыл.

Жаңы жыл майрамына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, анын ичинде Өрткө каршы кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Майрам күнү эл топтолгон жерлерде, борбордук “Ала-Тоо” аянтында нөөмөт уюштурулат.

Министрлик фейерверк жана майрамдагы жардыргыч заттарды колдонууда этият болууну жана өрт коопсуздугун сактоону эскертүүдө. Колдонордон мурда анын жол-жобосу менен таанышууну, колдонуунун ордун туура тандоону жана өрт чыгуу коркунучу бар жайлардан далдоо жерге барууну сунушташат.

Жаңы жыл майрамы учурунда фейерверкти туура эмес колдонуп, андан жабыркап "Тез жардамга" кайрылган учурлар көп катталат.

Өткөн жылы 31-декабрдан 2-январга чейин ар кандай жардыруучу заттардын кесепетинен 30 адам жабыркап, жетөө ооруканага жаткырылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG