Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булактар билдирди. Бүгүн депутаттар 50-түзөтүү абагынан соттолгондордун качып чыгышынын жагдайларын иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин токтомун талкуулайт. Алдын-ала маалыматка караганда, анда комиссия түзүү көрсөтүлгөн эмес. Токтомдо белгиленгендерди аткаруу үчүн өкмөткө март айына чейин убакыт берилет.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев абак окуясы боюнча суроо жараткан көптөгөн жагдайларды ачыкка чыгаруу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган болчу. Эл өкүлү айрым абактарда кызматкерлер үчүн ачылган спортзалдарда соттолгон кылмышкерлер машыгып жүргөнү тууралуу маалымат бар экенин айтып, мунун баары иликтенип, ачыкка чыгарылышы керектигин кошумчалаган.
Ноябрдын 11инен 12сине караган түнү Чүйдөгү №50 абакта өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 9 кылмышкер 4 түрмө кызматкерин өлтүрүп качып кеткен. Кийин алардын 3 кармоо учурунда өлтүрүлүп, 3 кармалгандан кийин түрмөдөн көз жумган. Атайын операциялар учурунда бир милиционер жана 2 жай тургун набыт болгон. Качкандардын бирөө жарадар болуп кармалган. (КЕ)