Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Өкмөт ГЭСтерди куруу боюнча Орусия менен келишимди жокко чыгарды


Өкмөт Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Орусия менен келишимди деносациялоо боюнча токтом кабыл алды.

Бул тууралуу “Азатткка” өкмөт башчы Темир Сариевдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов кабарлады. Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында экономика министринин орун басары Айбек Калиев баяндама жасап, Орусия учурдагы экономикалык абалды эске алуу менен келишимдеги ири долбоорлорго финансылык каражат бөлүп бере албай турганын моюнга алганын кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтериндеги долбоорлорду Москва ишке ашыра албай турганын билдирген.

Бул билдирүүдөн кийин Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков экономикалык маселелерге карабай долбоорлор токтоп калды деп айтуу эрте экенин, бир канча вариант каралып жатканын, талкуу токтой электигин орусиялык маалымат каражаттарына айткан болчу.

Кыргызстан Орусия менен Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол койгон. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы ГЭСтердин курулушу беш-алты жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG