Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:36

“Ислам мамлекети” тобу Дербенттеги ок атуу жоопкерчилигин өзүнө алды


Дербенттеги Нарын кала сепили.
Дербенттеги Нарын кала сепили.

Шаршембиге караган түнү Дагстандын Дербент шаарындагы Нарын-Кала сепилинин алдындагы адамдарга белгисиз бирөөлөр ок чыгарган. Террордук топтордун интернеттеги активдүүлүгүн байкоого алган Intelligence Group сайты согушкерлердин бул окуя үчүн жоопкерчилик алган билдирүүсүн кабарлады.

Анда экстремисттер бул чабуул орусиялык аскер кызматкерлерине каршы багытталганы айтылат. Маалым болгондой, окуя болгон жерде бир аскер окко учкан, он бир адам жарадар болгон. Токой жактан белгисиз бирөө автоматтан ок чыгарып, андан соң качып кетүүгө үлгүргөн.

Дагстандын террорчулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук комитетинин башкы штабынан кабарлашкандай, учурда Сулайман-Стал районунда террорчуларды издеп жок кылуу боюнча атайын операция жүрүп жатат. Буга чейин “Ислам мамлекети” тобу Сириядагы аскер операциясы үчүн Орусияны террордук актылар менен коркуткан болчу.

XS
SM
MD
LG