Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Дубайда Address Downtown отелин өрт чалды


The Address Downtown
The Address Downtown

Жаңы жыл майрамын белгилеп жаткан учурда Дубайдын 63-кабаттуу The Address Downtown отелин өрт чалып, 60тай киши жараат алды. Өрттүн себептери азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан каза тапкандар жок. Би-Би-Синин маалыматына караганда, туристтер фейерверкти сүрөткө тартуу учурунда өрттөн чыккан кара түтүндү байкап калышкан. Андан чыккан жалын жанындагы коңшу имараттарга жеткен.

Аталган шаарда ондогон кыргызстандыктар иштейт. Кырсыкта жабыркагандар бар-жогун аныктоо азырынча мүмкүн болбой жатат. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG